Кыргызстандагы соттор эмне менен алек? Августтагы ооз ачырган 9 окуя

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айында өлкө аймагындагы соттор түрдүү мүнөздөгү жүздөгөн иштерди карап чыккан. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан алардын ичинде элдин оозун ачырган, таң калтырган жана күлкүнү келтирген тогуз окуяны сунуштайт.

Винни-Пух

Бывший политик Нурлан Мотуев. Фото со страницы Facebook пользователя Нурлан Мотуев Абу Абдуллах - Sputnik Кыргызстан
Мотуев колонияга баруудан баш тартып, анын жетекчисин жекеге чакырды
Буга чейин соттолгон 28 жаштагы жаран бир челек бал уурдаган. Окуя кызык. Бир жигит менен эки кыз Ош базарынын жанындагы мейманканалардын биринде спирт ичимдиктерин ичип эс алышат. Кыздардын бири мурдагы жигитинин үйүндө оокаттары менен документтери калып калганын эстеп кетип, тигилер менен чогуу баягы баланын үйүнө барат. Бийкечтер экс-жигиттин баласы менен ызы-чуу болуп жатканда аларды коштоп барган эргул унаа токтоткон жайдын кулпусун сындырып, ал жактан 102 килограмм балды уурдап чыккан.

Андан сырткары, ал башка үйдүн терезесинен кирип 15 миң сомдук уюлдук телефонун алып кетүүгө үлгүргөн. Кылмышын мойнуна алган жигитти сот жети жылга эркинен ажыратты.

Ромеонун романтикасы

Эт-жүрөгү элжиреп кыз сүйгөн жигит жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде селкини сейилдеп келүүгө чыкырат. Бирок бозойго анча бой сала бербеген кыз сунуштан баш тартып коет. Терс жооп менен келише албаган жигит кызды машыгуучу залдын жанынан аңдып жүрүп кармап, сейилдөөгө сүйрөп жөнөйт. Бирок бийкеч андан качып кутулуп, кароолчудан автоунаасына чейин коштоп барууну өтүнөт.

Ромео тынчтана албай сүйгөнүнүн артынан жөнөп, кыздын машинасын жолдун жээгине кысып токтотот. Мындай аракеттерге бийкеч ага ортоңку манжасын көрсөтүп жооп кылат. Ачууга алдырган жигит унаанын капотун муштуму менен ургулап, капталындагы терезесин талкалап салат.

Андан соң бала туура эмес кылганын сезип, ага капталдагы терезесинин айнегин сатып берет. Бирок кыз аны албай, иш сотко өтөт. Ошентип жыйынтыгында жаш жигит кызга 33 миң, мамлекетке 10 миң сом төлөмөр болду.

"Кокусунан" ажал тапкан ата

Сотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыз ала кача коем деп 12 жылга кесилип кетти... Абак кызматкерлери менен маек
Күз болчу. Дасторкон үстүндө отурган 43 жаштагы аял алты жаштагы кызына бутерброд даярдап берип отурган. Бул маалда капысынан электр жарыгы өчүп, алар караңгыда калышат. Соттолгон айымдын айтымында, ошол учурда күйөөсү тыштан мас болуп келип, жанынан өтүп баратып так бычактын үстүнө кулап, каза болуп калат.

Кошуналары ыйлап отурган аял бычак сайылган жерди кийими менен жаап, канды токтотууга аракет кылганын айтышты. Бирок экспертизанын жыйынтыгы менен алган жаракат катуу соккудан болгондугу аныкталган. Ошентип кичинекей бейкүнөө кыз балдар үйүнө берилип, анын энеси сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Эжесинин ден соолугун сурап барган эргулдар

34 жаштагы эркектер спирт ичимдиктерин ичип отуруп, түнкү саат 11де төшөктө жаткан эжесинин ден соолугун сурап келүүгө жөнөшөт. Ошол маалда бейтаптын күйөөсүнүн айтымында, ал аялына китеп окуп берип отурган. Ал эми соттолуп кеткен жигиттер анын мас абалда жатканын айтат.

Коноктор сөз арасында үй ээсине баш пааналап турган тамды сатып акчаны бөлүшүп алууну сунушташат. Баарлашуу акырындык менен урушка өтүп, ал экөө үй ээсин сабап, аны жер төлөгө камап, 2500 сом, Nokia телефонун жана үйдүн документин алып кетип калышкан. Бул кылыгы үчүн сот эки эргулду сегиз жылдан темир тор артына калтырды.

Күнөө менде эмес, күнөө сенде эмес…

Кылмышка шектүүнүн айтымында, жабыр тарткан аял экөө бири-бирин сүйүп калып, молдого нике кыйдырышкан. Келин колбаса цехинде иштеп, жолдошун ал жакка жумушка орноштурган. Түгөйлөр өзүнүн жеке жашоосун кесиптештерине айтпоону чечишет.

Знаменитый фрунзенский некрофил Михаил Лукьянов - Sputnik Кыргызстан
Мүрзөлөрдү казып, өлүктөрдү зордуктаган бишкектик аңги тууралуу баян
Бир аз убакыттан кийин бала жарынын ага болгон мамилесинин сууп баратканын байкап, кесиптештери да сөз кыла баштаган. Жигит мындай абалга чыдай албай, жумуштан кетип калган. Күндөрдүн биринде ал аялын тамашалап, бир эсе коркутуп коёюн деп жуунуп жаткан жеринде сакал алгыч менен анын бутуп кесип алат.

Ал эми келиндин айтымында, ал жигит менен жөн эле тааныш болгон. Соттолуучу анын туугандарын жумушка алган. Бир күнү ал таңкы саат беште ашканага кирип, аялды муунткан. Эсин жоготкон аял өзүнө келип бутунун кесилгенин, шектүү киши аялдын жана анын кызынын уюлдук телефонун уурдап кетүүгө аракет кылып жатканын көргөн.

Чындыкты бир Кудай, бир өздөрү билээр, эмнеси болсо да эми шектүү бир жылдык өмүрүн түрмөдө өткөрмөй болду.

Жеңил жол менен акча табам деген жаштар

Буга чейин бир нече жолу соттолгон 22 жаштагы жаран өзүнүн тааныш кызы менен бир үйгө ууруга кирет. Буга чейин ал үйгө конок болуп келип жүргөн кыз сейфте 200 миң сомдой акча бар экендигин билген. Алдын ала телефон чалып, мейман катары барган экөө үй ээсин үбөлүк менен катуу сабап салышат. Үстүңкү кабатка чыгып, сейфтен 6600 АКШ доллар жана 24 миң сом акчаны алып биринчи кабатка түшүшөт. Ошондо жабырлануучунун тирүү экенин көрүп, үбөлүк менен бир нече жолу чаап аны өлтүрүп, кетип калышат. Уурдаган акчага унаа алып, сайрандап жүргөн жаштарды милиция колго түшүрөт. Иликтөө маалында жигит баарын мойнуна алып, 20 жылга эркинен ажыратылды.

Үч миң сомдун айынан эркинен ажырап…

Жумуш издеп келип, базарда жентек майлап жүргөн досторуна жолугуп, алар менен чогуу майрамдаган 32 жаштагы киши мас болуп, акча жогунан Бишкек шаарына жете албай орто жолдо калат. Жол кире табуунун жолун издеген жигит үйүнө бараткан кыздын артынан келип, тумчуктуруп коркутуп 3000 сомдук телефонун тартып алат. Аны сатууга аракет кылат, бирок эч майнап чыкпай коет. Кылмышка шектүү шаардын четинде өзүнүн айылына жөө кетип баратып милициянын колуна түшкөн. Кылганын мойнуна алган жигит телефонун ээсине кайтарып берген. Жыйынтыгында сот аны эки жылга шарттуу түрдө кести.

Кечиккен жоокер

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар
Аскердик кызмат өтөп жүргөн 23 жаштагы жоокер үй-бүлөлүк шартка байланыштуу эмгек өргүүсүн алып, кийин кызматтык уставды бузуп аскер бөлүгүнө сегиз күн кечигип келген. Андан сырткары, өзүм билемдик менен бир ай кызмат ордун таштап кете берген. Муну ал аялынын операция жолу менен төрөп ооруп калгандыгы жана кайненесинин кайтыш болуп кеткендиги менен түшүндүрүп күнөөсүн мойнуна алган. Сот ага карата эки жылга шарттуу кесүү чечимин кабыл алды.

Жалпы чыгым 287 сом…

Чаламандын чак түшүндө борбор калаадагы гипермаркеттердин биринде бир капчык жана бир самсы уурдап кетүүгө аракет кылып колго түшкөн кишинин 287 сомдук окуясы сотто каралган. Процесстин жүрүшүндө жабырлануучу соттолуп жаткан адамга доосу жок экендигин билдирип, натыйжада иш токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0