УКМК Кыргызстанда теракт уюштурмакчы болгон кишини кармады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандын үйүнөн колго жасалган жардыруучу түзүлүштүн бөлүктөрү табылган

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун 29 жаштагы мүчөсү кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшкөн киши мамлекеттик маанидеги иш-чара маалында террордук аракеттерди ишке ашырмак.

Жашаган жерин тинтүү маалында колго жасалган жарылуучу түзүлүштүн бөлүктөрү табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, уюмдун мүчөсү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0