Бишкек — Кара-Балта жолунда бакты сүзгөн айдоочу набыт болду

© Фото / Nate Steiner / wheel gripУВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе
УВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум 31 жашта экени белгилүү болду

БИШКЕК, 8-cен. — Sputnik. Бишкек — Кара-Балта — Чалдывар унаа жолунун 65-чакырымында "Honda-Fit" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсыкка кабылып каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы унаа ээси рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн. Натыйжада ал окуя болгон жерде көз жумган. Айдоочунун сөөгүн куткаруучулар унаа ичинен чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0