Киевдеги атышуу: жабырлангандар кыргызстандыкпыз дешкен, аны ТИМ текшерүүдө

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДень донора в Иванове
День донора в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери жабырлангандар жаткан ооруканага барышты

БИШКЕК, 10-сен. – Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киев шаарындагы атышууга кыргызстандыктардын катышкан, катышпагандыгын текшерет. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

8-сентябрда Украина полициясы атышууда эки киши жарадар алгандыгын, алар кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Ал эми ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева маалымат тастыкталбагандыгын билдирди. 

"Украинадагы элчилигибиздин алдын-ала маалыматы боюнча Киевде атышкандар кыргызстандыктар экен деген маалымат азырынча тастыкталган жок. Себеби, ок тийип ооруканага түшкөндөр өздөрүн кыргызстандыкпыз деп жаздырышканы менен жанында документтери болгон эмес", – деп билдирген Кулукеева. 

Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Түркия: кыргызстандык кызды сабап жолго таштады делген кишинин соту ноябрга жылды
ТИМ өкүлү ЖМКлар алардын бири 28, экинчиси 31 жашта деп жазганы менен бир топ эле улуу көрүнүшөөрүн жана кавказ улутундагыларга окшош деп айтылып жатканын кошумчалаган.

8-сентябрда белгисиз бирөөлөр Opel унаасын менен Jaguar машинасынан артынан кууп, ок чыгарып, аткылоого токтоп турган Porsche унаасы кабылгандыгын маалымдалган. Айтылган автоунаанын ичинен эки адам ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0