Ысык-Көл: унаада тирүүлөй өрттөнүп кеткендердин тек-жайы такталды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге
Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаада эки балыкчылык, эки бишкектик жаран болгон.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө катталган жол кырсыкта тирүүлөй өрттөнүп кеткен төрт адамдын аты-жөнүн милиция тактаганын облустук ИИББден билдиришти.

Жума күнү, 8-сентябрда таңга жуук саат 4.45дер чамасында Балыкчы — Каракол унаа жолунун 112-чакырымында Lexus RX300 унаасы жол кырсыгына учурап күйүп кетип, андагы төрт адам каза болгон. Унаадан эки кап кара куурай түшүп калган.

Ысык-Көл облустук ИИББдин маалыматына караганда унаада төрт адам болгон. Алар:

  • М.А., 1958-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;
  • С.А., 1960-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;
  • О.Н., 1962-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну;
  • Б.А., 1967-жылы туулган, Балыкчы шаарынын туругуну.

"Эки бишкектик жаран Балыкчыга конокко келген. Андан кийин төртөө Түптү көздөй бет алып, андан кайра кайтып келе жатышкан", — деп милициядан билдиришти.

Учурда Кылмыш жаза кожексинин 281 жана (жол эрежесин бузуу жана транспортттук каражатты эксплуатацилоо) 246-беренелери (баңгизатын мыйзамсыз негизде сактоо, сатуу, жасоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0