Татарстандын борборунда 23 жаштагы кыргызстандык жигитти өлтүрүп кетишти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүГорода России. Казань
Города России. Казань - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумду туугандары жакынкы күндөрү Кыргызстанга алып келишмекчи

БИШКЕК, 11- сен. — Sputnik. Казань шаарында 23 жаштагы кыргызстандык жигитти өлтүрүп кетишти. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты

Маркум Ош облусундагы Алай районунун тургуну болуп чыкты. Тартип коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, шектелген бир киши кармалды. Полиция иликтөө иштерин улантууда.

Туугандары сөөктү жакынкы күндөрү Кыргызстанга алып келишмекчи. Элчилик учурда бул боюнча тиешелүү документтер толтурулуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0