Транспорт министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техниканын баасы базардагыдан жогорулатылып көрсөтүлгөндүктөн, мамлекетке 17 миллион сомго жакын чыгым келгени айтылды

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин бир нече кызматкерине Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынан билдишти.

Кызматкерлер Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КР кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) менен күнөөлөнүп жатат.

Горное ущелье Джеты-Огуз в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Чүйдүн токой чарбасында көгүлтүр карагайдын 1,3 млн. сомдук көчөттөрү жоголду
Башкы прокуратура жана УКМК кызматкерлери биргеликте өткөргөн текшерүүнүн жыйынтыгында 2015-жылы май айында Бажы биримдигине кошулуу планынын алкагында министрлик Россия мамлекети жардам катары бөлгөн каражатка "И" ЖЧКсынан 826 236 долларга компьютердик техника жана жабдуу сатып алганы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жогорудагы келишимдерди түзүү маалында бир нече мыйзам бузулган.

Мындан тышкары, сатып алынган техниканын баасы базардагыдан жогору коюлганы белгилүү болду. Жыйынтыгында мамлекет 17 миллион сомго жакын чыгым тарткан.

Башкы прокуратура ишти тыкыр иликтөөгө алуу үчүн компетенттүү органдарга жөнөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0