Чүйдө куралчан адамдар жүрөт деген таксист көрсөтмөсүн өзгөртүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное использования огнестрельного оружия
Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-сентябрда Панфилов райондук бөлүмгө такси айдап иштеген 28 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, аны бейтааныш адамдар курал менен коркутканын айткан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бейтааныш адамдар курал менен коркутту деп айткан Панфилов районун тургуну мурда берген көрсөтмөсүн өзгөртүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИБдин аймактын бөлүмүнөн билдиришти.

Эсекерте кетсек, 12-сентябрь күнү саат 17.30дар чамасында Панфилов райондук бөлүмгө такси айдап иштеген 28 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, аны бейтааныш адамдар курал менен коркутканын айткан.

Мындан улам Панфилов РИИБинин өздүк курамы көтөрүлүп Чүйдүн Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда "Перехват" планы жарыяланып издөө иштери жүргүзүлгөн.

"Таксист көрсөтмөсүн өзгөртүп жиберди. Башында шектүүлөр спорттук кийимчен жүргөн деген, азыр болсо камуфляжчан болгон деп жатат. Бул маалымат такталбаган соң издөө иштери токтотулду. Кылмышкерлерди издөөгө көп күч жана убакыт жумшалды. Трассадагы унаалар текшерилип, аймактар тинтүүгө алынды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда таксисттин берген көрсөтмөсүнүн чын-төгүнүн тактоо максатында психологиялык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына карап чара көрүлөт. Туура эмес маалымат бергени үчүн ал жазага тартылышы мүмкүн.

"Көрсөтмө берген киши эми ошол түнү үйүнүн жанында куралчан адам турганын айтууда. Жергиликтүү тургундар болсо ал түнү шектүү адамдарды көрбөгөнүн айтышты", — деди маалымат кызмат.

Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сотто ок менен кармалган аял окуянын чоо-жайын айтты
13-сентябрга караган түнү интернетте милициянын Панфилов райондук бөлүмүнө куралчан бирөөлөр кол салгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бир нече мүнөттөн кийин социалдык тармак колдонуучулары Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар көчөгө чыгып алып элди аткылап жатканын жазышкан.

ИИМдин маалымат кызматы райондук бөлүмгө кол салуу болду деген маалыматты четке какты.

Жаңылыктар түрмөгү
0