Из жашырып Россияга качып бараткан киши чек арадан кармалды

Жазылуу
Чек арачылардын билдиргенине караганда, 25 жаштагы жаран Казакстан аркылуу качууга ниеттенген.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Чек арачылар "Чалдовар" көзөмөл өткөрүү жайынан бир нече убакыт мурда Жалал-Абаддагы май куюучу бекетке кол салып, издөөгө алынган жаранды кармашты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бишкек-Тараз" каттамасындагы автобустун жүргүнчүлөрүнүн документтери текшерилип жатканда Жалал-Абадда май куюучу бекеттин кассасына кол салган жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Чек арачылардын билдиргенине караганда, 25 жаштагы жаран алагч Казакстанга чыгып, андан ары Россияга кирип кетүүгө ниеттенген.

Кармалган кишини чек арачылар тартип сактоочуларга өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0