Төөнү коюп кеткен унаанын ичиндеги беш киши каза тапты. Алматыдагы кырсык

© AFP / PAUL J. RICHARDSВерблюд на дороге
Верблюд на дороге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы боюнча аймактык поилция иликтөө иштерин баштады

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Алматы облусунда жол кыймылына тыюу салынган трассада Range Rover унаасы төөнү сүзүп, оодарылып кетти. Бул жол кырсыгынан беш адам каза болгонун Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Автоавария с участием трех машин в Сокулуке - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта үч машина кагышып эки киши жаракат алды. Видео
Окуя 18-сентябрдан 19уна караган түнү Алматы облусунун "Батыш Европа — Батыш Кытай" унаа жолунда катталган.

Range Rover унаасын 43 жаштагы аял башкарып бара жаткан. Кырсык болгон жерден айдоочу жана анын үч жүргүнчүсү мүрт кетип, дагы бирөө ооруканадан көз жумган. Унаа коюп кеткен төө дагы өлгөн.

Жол кырсыгы боюнча аймактык поилция иликтөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0