Ошто 28 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүМиллионную жительницу Красноярска назвали Аней
Миллионную жительницу Красноярска назвали Аней - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келин "Гепатит В" илдетине кабылганы маалым болгон

ОШ, 19-сен. — Sputnik. Ош шаарында 28 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер келиндин өмүрүн сактап калуу үчүн бир нече күн бардык аракеттерин жумшаган, бирок кан көп жоготкон келин өзүнө келбей төрөт үйүндө жан берген.

"Кош бойлуу аял 29-августта төрөт үйүнө келген. Дарыгерлер анын колу-бутунда жана ичинде шишик бар экенин аныктаган. Ошондой эле ал "Гепатит В" вирустук инфекциясына кабылгандыгын, андан улам экинчи топтогу майып катары көзөмөлдө экени белгилүү болгон. Келин 3,200 грамм салмактагы эркек бала төрөгөн. Бирок анын ден соолугу күн сайын начарлап, ажалдан сактап калууга мүмкүн болгон жок", — деди Исраилова.

Дарыгердин айтымында, ымыркайдын абалы жакшы. Аны төрөтканадан таенеси алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0