АКШда Линкольндун мемориалына өз атын жазып койгон КР жараны кармалды

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүСтатуя шестнадцатого президента США Авраама Линкольна
Статуя шестнадцатого президента США Авраама Линкольна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталып жаткан жарандын соту октябрдын башына белгиленди

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. АКШдагы Авраам Линкольндун мемориалында вандализм фактысы катталып, ага шектүү катары Кыргызстандын жараны кармалганын КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү мемориалга тыйын менен өз атын чегип жазып койгон.

​"Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Кыргызстандын элчилиги полиция участогуна байланышка чыкты. Алар вандализм фактысы боюнча КР жараны кармалганын ырастаган. 19-сентябрда ал кое берилип, октябрдын башында сотко келиши керектиги маалымдалды. Сот келтирилген чыгымды 2 миң доллар деп баалап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин Вашингтондогу консулдук кызматкери КР жаранына укуктук жардам көрсөтүү сунушу менен байланышканда, ал кылган ишине өкүнүп жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0