Таласта жайлоого бараткан үй-бүлө кырсыктап 9 жаштагы кызынан айрылып калды

© Sputnik / Александр ФедоровАвтомобили на горной дороге. Архивное фото
Автомобили на горной дороге. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоого бараткан жүк ташуучу унаа аласалып кеткен

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Таласта тестиер кыздын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине милиция кабарлады.

Окуя 20-сентябрь күнү болжол менен саат 15.00дөрдө болгон. Жүк ташуучу ГАЗ-53 унаасы оодарылып калган.

"Үй-бүлө жайлоого бара жаткан. Белгисиз себептер менен унаа оодарылып калган. Рулда 53 жаштагы үй ээси отурган. Кырсыктан унаанын артында отурган 9 жаштагы кыз көз жумду. Калгандары аман-эсен", — деди маектеш.

Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0