Ошто акчаны мыйзамсыз алмаштырган жаран 100 миң сомдук айыпка жыгылды

Жазылуу
Мыйзам боюнча акча алмаштырып иштөө үчүн Улуттук банктан лицензия алуу керек

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Улуттук банкттан берилген лицензиясы жок чет элдик валюта алмаштырып иштеп жүргөн Ош облусунун тургуну 100 миң сомдук айыпка жыгылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы көзөмөл борборунан билдиришти.

Аталган факты Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жаңы автобекетте катталган.

Мыйзам боюнча ал жаран акча алмаштырып иштөө үчүн Улуттук банктан лицензия алышы керек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0