ӨКМ: Токмоктогу медреседен өрт чыгып 80 бала эвакуацияланды

© Sputnik / Сергей Савостьянов / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Токмок шаарында медреседен өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Токмок шаардык пансион кайрымдуулук мекемесиндеги медреседен чыккан өрт тууралуу Өрт өчүрүү кызматына 23-сентябрда таңкы саат 6.17де чалуу түшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 80 бала эвакуацияланган. Билдирмеге караганда, медресенин беш терезеси, ичиндеги төрт диван күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0