Теракт жасоо үчүн жиберилген 22 жаштагы кыргызстандык кармалды

Жазылуу
Кармалган жаран Сириядагы согуш зонасына Кыргызстандан кишилерди жиберүүгө көмөктөшүп турган. Ошондой эле согушкерлерге медициналык дары-дармек жеткирип келген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанда теракт жасоону пландаган эл аралык террордук уюмдун 22 жаштагы мүчөсү болгон кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран Сириядагы согуш зонасына Кыргызстандан кишилерди жиберүүгө көмөктөшүп турган. Ошондой эле согушкерлерге медициналык дары-дармектерди жеткирип келген.

"2017-жылдын март айында согушкерлер башчысы С.Мухтаровдун (каймана аты "Абу Салох") буйругу менен кармалган жаран террор чабуулдарын жасоого жана пландоого жардам кылуу максатында Кыргызстанга келгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын тергөө жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0