Россиядагы жол кырсыгынан кыргызстандык аял каза болуп, жетөө жаракат алды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСкорая помощь
Скорая помощь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа жолдо кетип баратып, кырсыктап, бир нече ирет ала салып кеткен

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россиянын Кемерово районунда кыргызстандык бир аял каза таап, жетөө жаракат алды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Конфликт между людьми - Sputnik Кыргызстан
Москвада Кыргызстандын жараны сабалып, алты киши кармалды
Кыргызстандыктар түшүп бара жаткан автоунаа дүйшөмбү күнү кырсыктаган. Окуя "Сибирь" Р-255 федералдык трассасынын 342-чакырымында болгон. Айдоочу автоунааны башкара албай калып, ал бир нече ирет аласалып кеткен. 

Жол кырсыктан кыргызстандык 38 жаштагы аял каза таап, айдоочу жана дагы алты жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Элчиликтен алар ар кыл жаракаттарды алышкандыгын билдирди.

Каза болгон аял менен жабыркагандардын туугандары кырсык туурасында кабар алгандан кийин окуя болгон жерге жана ооруканага келишкен. 

Учурда окуяны Кыргызстандын Россиядагы элчилиги карап, көзөмөлгө алып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0