Бишкектин борборунда эки автоунаа кагышты. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосква
Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала алынган маалыматтарда, автоунаалардын бири маңдайкы жолго чыга калган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Борбор калаанын Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышты. Бул туурасында окуяга күбө болгондор Sputnik Кыргызстанга кабарлашты.

Кырсык болжол менен 25-сентябрдын түнүндө, саат 23:00дө болду. Кайгуул милициясынан азыркы маалыматы боюнча каза тапкандар жок, бирок, жабырлануучулар бар. Кандай үлгүдөгү автоунаалар кагышканы да белгисиз. 

Окуяга күбө болгондордун айтымында, машиналардын бири маңдайкы, карама-каршы жолго чыга калган. Анын кесепетинен эки унаа кагышкан.

Кырсык болгон жерге Тез жардам унаасы да чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0