Жалал-Абад: 60тай бодо мал уурдап, 2 млн. сом чыгым келтиргендер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖивотноводство в Кыргызстане
Животноводство в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр Алай районунун тургундары болуп чыкты

ЖАЛАЛ-АБАД, 26-сен. — Sputnik. Токтогул, Ноокен, Сузак райондорунун аймагындагы жайлоолордо жайылып жүргөн малды уурдоого шектүү үч жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМДин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жайында мал уурдалып жаткандыгы тууралуу арыз менен жергиликтүү тургундар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылышкан.

"Жабырлануучулардын арызында жалпысынан 59 бодо мал уурдалганы белгилүү болгон. Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 780 миң сомду түзгөн. Ыкчам кызматкерлер тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Алай районунун 44 жана 33 жаштагы үч жашоочусу шектүү катары колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн мындан башка иштерге тиешеси бар-жоктугу такталууда. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0