Бишкекте эл ташыган маршрутка кырсыктап, кош бойлуу келин жабыркады

© Sputnik / Максат ЭлебесовДТП с маршрутным такси в центре Бишкека
ДТП с маршрутным такси в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда эл ташыган маршрутка менен жол тандабас кагышып, маршрутка жолдон чыгып токтогон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Жол кырсыгы саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде катталган.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЖол кырсыгы саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде катталган.
Жол кырсыгы саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде катталган. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жол кырсыгы саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде катталган.
© Sputnik / Максат ЭлебесовМаалыматка ылайык, №212 маршрутка Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан.
Маалыматка ылайык, №212 маршрутка Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маалыматка ылайык, №212 маршрутка Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан.
© Фото / Максат ЭлебесовАл Эркиндик проспектиси менен ылдый келе жаткан жол тандабас менен кагышкан.
Ал Эркиндик проспектиси менен ылдый келе жаткан жол тандабас менен кагышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал Эркиндик проспектиси менен ылдый келе жаткан жол тандабас менен кагышкан.
1/3
Жол кырсыгы саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде катталган.
2/3
Маалыматка ылайык, №212 маршрутка Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан.
3/3
Ал Эркиндик проспектиси менен ылдый келе жаткан жол тандабас менен кагышкан.

Маалыматка ылайык, №212 маршрутка Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан. Ал Эркиндик проспектиси менен ылдый келе жаткан жол тандабас менен кагышкан.

Жол кырсыгынан кийин маршрутка жолдон чыгып, тротуарга чыгып токтогон. Кырсык болгон учурда бустун ичинде 30га жакын киши болгон. Алардын көбү жеңил жаракат алышкан.

"Окуяга күбө болгондор жаракат алгандардын арасында кош бойлуу аял да бар экенин айтышты. Ал башкаларга караганда катуу жабыркаган. Аны жана башка кишилерди Тез жардам кызматы алып кетти. Кырсык болгон жерге экинчи Тез жардам кызматы дагы келди", — деди кабарчы.

Шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы жол кырсыгы катталган жерге инспекторлор чыгып кеткенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0