Кара-Сууда унаа оодарылып айдоочунун 5 жаштагы уулдары каза тапты

© AFP / MARTIN BUREAUПоследствия урагана Ирма
Последствия урагана Ирма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочунун рулду башкара албай калганы айтылууда

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон жол кырсыгынан эки кичинекей бала каза тапканын Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан кабарлашты.

Детство — беззаботная пора - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда 5 жашар баланын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы
Маалыматка ылайык, каргаша шаршемби күнү болжол менен саат 20.00дөр чамасында болгон.

"Mercedes үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай калган. Машина жолдон чыгып кетип, оодарылып калган. Айдоочусу аман, бирок анын 5 жаштагы эки уулу көз жумду. Унаа ичинде дагы башка жүргүнчүлөр бар экени белгилүү болду", — деди маектеш.

Учурда жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат такталууда, бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Айдоочунун соо экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0