Ош облусунун Өзгөн районунда 28-сентябрь күнү саат 10.50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 596-чакырымында катталган жол кырсыгы

Өзгөндө үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы

541
(жаңыланган 10:45 29.09.2017)
Жол кырсыктан дагы беш киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 28-сентябрь күнү саат 10.50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 596-чакырымында катталган жол кырсыгы боюнча ӨКМ толук маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, Honda Fit менен "ВАЗ-2199" (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

  • ДТП на трассе Бишкек — Ош
    Ош облусунун Өзгөн районунда 28-сентябрь күнү саат 10.50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 596-чакырымында жол кырсыгы катталган
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • ДТП на трассе Бишкек — Ош
    Honda Fit менен "ВАЗ-2199" (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • ДТП на трассе Бишкек — Ош
    Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза болгондорду автоунаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ош облусунун Өзгөн районунда 28-сентябрь күнү саат 10.50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 596-чакырымында жол кырсыгы катталган

"Жол кырсыктын кесепетинен "Лада-Самара" унаасындагы 2 адам, Honda Fit автосундагы бир адам каза болуп, 5 адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза болгондорду автоунаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жолдогу унаалар менен жеткирилген.

541
Белгилер:
жол кырсык, ӨКМ
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Тема боюнча
Өзгөндө эки унаа кагышып, үч адам көз жумду
Кара-Сууда 5 жашар баланын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы
Маршрутканын жол тандабас менен кагышуусунан кийинки абал. 7 киши ооруканада
Пикирлер