Камактагы аял. Архив

Бишкекте чак түштө беткапчан эки кыз сатуучуну муунтуп тоноп кетишкен

1286
(жаңыланган 21:22 28.09.2017)
Алар медициналык беткапты кийип алып соода күркөсүнө киришкен

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекте беткапчан эки кыз сатуучуну тоноп, бирөө кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 27-сентябрда саат 14.30дар чамасында катталган.

Кыздардын бири сатуучуну жоолук менен муунткан, бул убакта экинчиси кассадан алты миң сом алып, изин жашырышкан.

Милиция кызматкерлери шектүү катары 20 жаштагы кызды кармап, жанынан жоолук менен медициналык беткапты табышкан. Учурда анын шериги изделип жатат.

Аталган факты боюнча "Карактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

1286
Белгилер:
милиция, тоноо, Бишкек
Тема боюнча
Ошто акча тоноо, адам өлтүрүү боюнча кылмыш бетин ачкандар сыйланды
Бишкекте жаш балдарды тоноп жүргөн 19 жаштагы жигит кармалды
Пикирлер