Жол кырсыгынан жабыркаган кызга жардам корсотуу. Архив

Бишкекте каршы тилкеге чыккан айдоочу кызды сүзүп кетти. Жеринен алынган видео

637
(жаңыланган 12:34 29.09.2017)
Күбөнүн айтымында, Mercedes үлгүсүндөгү унааны аял киши башкарып бараткан.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Бишкекте айдоочу жолдун каршы тилкесине чыгып кызды коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө Айсулуу Каипова билдирди. 

Анын айтымына караганда, кырсык 28-сентябрь күнү саат 18.00дөр чамасында Юнусалиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. 

“Ак түстөгү Mercedes минген аял менден ашып өтүп, жолдун каршы тилкесине чыкканда кызды сүзүп кетти. Жабыркаган кыз 17 жаштар чамасында окшойт. Ал башы менен бутун кармап жатты. Унаанын капоту мыйрыйып калды”, — деди Каипова. 

Кайгуул милиция башкы башкармалыгы бул маалыматты текшерип жатканын маалымдады. 

637
Белгилер:
унаа, кырсык, Бишкек
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Тема боюнча
Өзгөндө үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы
Кара-Сууда 5 жашар баланын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы
Пикирлер