Кош бойлуу аялды алып бара жаткан Тез жардам унаасы кырсыктап 4 адам каза болду

© Sputnik / Мария Савченко / Медиабанкка өтүүГорода России. Чекалин
Города России. Чекалин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам унаасы шаарга кире бергенде артынан Mercedes Benz келип сүзгөн

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Чолпон-Атада Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылып ичинде бара жаткан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин аймактык бөлүмүнөн билдиришти.

Кырсык 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 3.00дөр чамасында катталган. Тез жардам кызматынын бригадасы Бает айылынан кош бойлуу аялды алып Чолпон-Атаны көздөй бара жаткан.

"Тез жардам унаасы шаарга кире бергенде артынан Mercedes Benz келип сүзгөн. Сокку катуу болгондуктан Тез жардам унаасы бир нече ирет аласалып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, фельдшер, ичинде бара жаткан кош бойлуу аял жана анын тууганы каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Mercedes Benz унаасынын айдоочусу кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0