Алматыда кыйраган учак: дарыгерлер оор абалдагы аял менен ымыркайга бара жаткан

Жазылуу
Бейтап Шымкент облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Алматыда кыйраган Ан-28 учагындагы дарыгерлер оор абалда жаткан аял менен ымыркайга бара жатышканын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Eurofighter Typhoon учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Италия: авиашоу учурунда самолет учкучу менен сууга кулады. Видео
Бейтап Шымкент облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Белгилей кетсек, кырсык 3-октябрда кечке жуук болгон. East Wing авиакомпаниясына таандык учак медициналык жардам көрсөтүү максатында Алматы — Шымкент каттамы боюнча багыт алган. Учак абага көтөрүлгөндөн 12 мүнөт өткөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийинчерээк ал Иле районун айыл чарба аймагына кулаганы белгилүү болгон.

Кеменин командири Кыргызстандын жараны Г.Н.Цой, ал эми экинчи учкуч Казакстандын жараны Е.Кутафин болуп чыкты. Мындан сырткары техник жана эки медицина кызматкери бар болчу. Учактын ичиндегилеринин баары каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0