Ысык-Көл: ипподромдун жанынан аялды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Жазылуу
Кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу Чолпон-Ата шаарындагы аялдамалардын бирине барып отуруп алган

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын жанынан шаршембиден бейшембиге караган түнү 40-45 жаштагы аялды унаа кагып кеткендигин облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдон өтүп бара жаткан аялды каккан жол тандабастын айдоочусу унаасын таштап качып кеткен.

Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Күбөлөрдү сурамжылоо маалында маркумдун ким экени аныкталды.

"Көп өтпөй кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу дагы милициянын колуна түштү. Ал 31 жаштагы Чүй облусунун тургуну экен. Милиция кызматкерлери аны Чолпон-Ата шаарындагы аялдамалардын биринде отурган жеринен кармашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Бардык соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүп, кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0