Красноярскиде бир тууган кыздардын өлүмү боюнча кыргызстандык соттолду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМоторвагонное депо Крюково
Моторвагонное депо Крюково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор кылмышты маркумдардын таанышы уюштурган

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Красноярскиде сот кыргызстандык жана өзбекстандык үч мигрантты (арасында аял бар) эки бир тууган кызды буйрутма менен өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Letnews жергиликтүү маалымат агенттиги прокуратуранын маалымат кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Туристический сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунда кишини өлтүрүп туруп өрттөп жиберишкен
Трагедия өткөн жылдын март айында болгон. Кылмышка катышкан аял көз жумган кыздар үйүндө чоң суммадагы акчаны сактап жүргөнүн билген. Каражатты тартып алуу үчүн ал эки мигрантты жалдаган. Алар батирге кирип барып, кыздарды таяк жана балка менен уруп өлтүрүп, акчаны алган бойдон из суутушкан.

Сайттагы маалыматка караганда, соттолгондор Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары болуп эсептелет.

Красноярск крайынын соту кармалган эркектердин бирин 18, экинчисин 22 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми аларды жалдаган аял 16 жылга кесилди. Эркектер күчөтүлгөн тартиптеги, ал эми аял жалпы колонияда жаза өтөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0