Ырчы Клара Алибекованын видеосу боюнча ИИМ териштирүү жүргүзүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с телефона видеохостинга Youtube пользователя Нурбека Калилова
Снимок с телефона видеохостинга Youtube пользователя Нурбека Калилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги ошондой эле видеону интернетке жүктөгөн милиция кызматкерлерине карата ырчыдан арыз түшкөнүн тастыктады.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ырчы Клара Алибекованын видеосу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Деятельность работников МВД Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Клара Алибекованы шылдыңдап видеого тартты делген үч милиционер жазаланды
Эске салсак, 5-октябрь күнү интернетке укук коргоо органдары тарткан Клара Алибекованын видеосу тарап кеткен. Анда ырчы тартип сакчыларына ага кол салуу болгонун айтып, жардам сурап кайрылат. Бирок милиция кызматкерлери ага дароо жардам бергендин ордуна мыскылдаган суроолорду берип, шылдыңдап видеого тартып интернетке жүктөп коюшкан.

Ички иштер министрлиги ошондой эле видеону интернетке жүктөгөн милиция кызматкерлерине карата ырчыдан арыз түшкөнүн тастыктады.

Ырчынын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0