ИИМ Жумакадыров кабылган кырсык боюнча иш козгоду

© Sputnik / Азамат АралбаевГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТ
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыктан улам жардамчысы жана айдоочусу менен кошо каза тапты

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров кабылган кырсык боюнча иш козголгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТ - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер кырсыктаган жерден алынган кадрлар
Кырсык 7-октябрь күнү, эртең менен саат 7.30дар чамасында болгон. Бишкек — Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында буудай ташып бараткан "КАмаз" менен Land Cruiser кагышкан. Анын кесепетинен вице-премьер менен кошо анын жардамчысы менен айдоочусу көз жумган.

Кылмыш иши Кылмыш жаза кодексинин 281-жол эрежесин бузуу беренеси боюнча козголду.

Окуя болгон жерде ИИМдин оперативдик тергөө тобу, Москва районунун укук коргоо органдарынын жана Чүй облустук Кайгуул милициясынын кызматкерлери иштеп жатат.

"Тергөө иштери башталды. Бул иш менен ведомствонун тажрыйбалуу тергөөчүлөрү алектенет. Факты боюнча тиешелүү бардык соттук медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары эми гана башталгандыктан, кырсыктын себебин айтуу эртерек кылат. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу суракка алынууда", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Темир Жумакадыров буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектенген.

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0