Өкмөт Темир Жумакадыров кайда баратып жол кырсыгына кабылганын айтты

© Sputnik / Азамат АралбаевГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан вице-премьер менен кошо анын жардамчысы жана айдоочусу да каза болгон

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Талас облусуна шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынына бара жатып каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнур Төрөлиева Жумакадыров кызмат учурунда көз жумганын белгилеп өттү.

"Темир Жумакадыров кызмат учурунда каза болду. КР өкмөтү анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", — деди ал.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Милиция вице-премьер жол кырсыгына кандайча кабылганын айтты. Алдын ала маалымат
Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0