ИИМ: Темир Жумакадыров каза тапкан кырсыкта жол эрежеси одоно бузулган

© Sputnik / Азамат АралбаевГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Чалдовар унаа жолундагы жол кырсыгында вице-премьер менен анын жардамчысы жана айдоочусу каза тапты

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, вице-премьер Темир Жумакадыровдун катыштыгы менен болгон жол кырсыгына жолдо жүрүү эрежелеринин одоно бузулушу себеп болгон. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жумакадыров кабылган жол кырсык беш баланы жетим калтырды
7-октябрда Москва районунун Садовое айылында вице-премьер Темир Жумакадыров кетип бараткан Land Cruiser унаасы менен жүк ташуучу автоунаа кагышкан. Жумакадыров жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Окуя болгон жерден Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов дагы мерт кеткен.

Маалыматка караганда, унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Вице-премьер менен анын айдоочусу кырсык болгон жерде көз жумуп, Жамгырчиев ооруканада каза болгону айтылды.

"Кагышуу болгондо эки унаа тең жолдун жээгине сүрүлүп, жол тандабас бир нече метрге чейин сүйрөлүп барган. Кагышуунун күчүнөн жол жээгиндеги мамы омкорулуп, бак тамыры менен жулунуп кеткен", — деп айтылды билдирүүдө.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүк ташуучу унаанын 25 жаштагы айдоочусу сурак берип жатат.

Иликтөө иштерин ИИМ жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0