Жумакадыров кабылган жол кырсыгы: жүк ташуучу унаанын айдоочусу 48 саатка камалды

© AP Photo / Martin MejiaЗаключенный в наручниках в Кальяо
Заключенный в наручниках в Кальяо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-октябрда болгон жол кырсыгынан вице-премьер, анын жардамчысы жана айдоочу каза болгон

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Вице-премьер Темир Жумакадаровдун жол тандабасы менен кагышкан жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында КамАЗ менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, КамАЗ автоунаасынын айдоочусу кармалган.

"Кармалган киши КР Кылмыш процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп маалымат кызматы билдирди.

Жумакадыров 38 жашта болчу, анын артында төрт кызы калды.

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0