Москвадагы "Синдика” курулуш базарынан өрт чыгып 500дөй адам эвакуацияланды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМосквадагы "Синдика” курулуш базарындагы өрт
Москвадагы Синдика” курулуш базарындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку кабарлар боюнча өрт үч миң чарчы метр аянтка жайылган. Жаракат алгандар тууралуу маалымат түшкөн эмес.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Москванын Строгино районундагы “Синдика” курулуш базары күйүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости Россия ӨКМинин аймактык бөлүмүнүн өкүлүнө таянуу менен билдирди. 

Өрттү өчүрүү үчүн кечки саат 17.04 (Бишкек убактысы боюнча 20.04) Ка-32 тик учагы жөнөтүлгөн. 

​Жекшемби күнү Москванын түндүк-батыш тарабындагы, тагыраак айтканда, Москва айланма автожолунун 65-чакырымында жайгашкан "Синдика" соода борборунан өрт чыккан. Соңку кабарлар боюнча өрт үч миң чарчы метр аянтка жайылып, 500дөй адам эвакуацияланды. Жаракат алгандар боюнча маалымат түшкөн эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0