Клара Алибекованы шылдыңдап видеого тартты делген үч милиционер жазаланды

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность работников МВД Кыргызстана
Деятельность работников МВД Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ырчы тартип сакчыларына өзүнө кол салуу болгонун айтып, жардам сурап кайрылганда ага дароо жардам бергендин ордуна мыскылдаган суроолорду берип, шылдыңга алып жаткан видео интернетке тарап кеткен.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ырчы Клара Алибековага байланышкан факты боюнча үч милиция кызматкери жазаланды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ырчы Клара Алибекова. Instagram баракчасынын тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Клара Алибекова өзү тууралуу тартылган видеонун чоо-жайын айтып берди
Эске салсак, 5-октябрь күнү интернетке укук коргоо органдары тарткан Клара Алибекованын видеосу тарап кеткен. Анда тартип сакчыларына ырчы өзүнө кол салуу болгонун айтып, жардам сурап кайрылат. Бирок милиция кызматкерлери ага дароо жардам бергендин ордуна мыскылдаган суроолорду берип, шылдыңдап видеого тартып интернетке жүктөп коюшкан. Окуя Бишкек шаарында болгон.

Маалыматка ылайык, аталган видео социалдык тармактарга чыккандан кийин ИИМдин ички териштирүү кызматы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзгөн. Анын натыйжасында Клара Алибекова жардам сурап кайрылган Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгында иштеген үч кызматкердин өздүгү аныкталган. 

“Кызматык текшерүүнүн жүрүшүндө милиционерлер ырчыга жардам бербей унаадан чыгарып койгон деген маалымат такталган жок. Ошондой эле белгисиз кишилер артынан кууп, зордуктоого аракет кылган деген маалымат аныкталбады. Окуя болгон түнү көчөдө Алибекованын жанында турган бала суракка алынды”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле орой мамиле жасаганы үчүн Кайгуул милициянын үч кызматкерине дисциплинардык жаза берилди. Буга юридикалык жактан баа берүү үчүн материалдар тергөө органдарына өткөрүлгөн. Милиционерлердин мындан ары органдарда иштер-иштебеси боюнча чечим тергөөнүн жыйынтыгына жараша чыгат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0