Көлдө кошуна аялды зордуктап, күйөөсүн сабап салган деп милиционер кармалды

Жазылуу
Шектелүүчү убактылуу кармоо жайына киргизилип, кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда кошуна аялды зордуктап, анын күйөөсүн сабап салды деп милиция кызматкери шектелип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада журналистти зордуктоого ниеттенген кыргызстандык күнөөсүн моюндады
Кечээ, 10-октябрь күнү, Жети-Өгүз районунун тургуну 55 жаштагы аял зордукталганын айтып, арыз жазган.

Анын айтымында, милиция кызматкери аны күч колдонуп зордуктап, күйөөсүн сабап салган. Атургай жолдошу ооруканага түшүп калганын дагы кошумчалады.

ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы шектүү адамды колго түшүрдү.

Ал Жети-Өгүз району боюнча кадрлар бөлүмүнүн инспектору, милициянын майору Д.С. болуп чыкты.

"Кармалган адам жабырлануучулардын кошунасы болуп чыкты. Медицининалык экспертизанын жыйынтыгында шектелген адам мас экени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Шектелүүчү убактылуу кармоо жайына киргизилип, кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0