Балдарды азгырып, Кыргызстанда теракт жасоого келген киши кармалды

Жазылуу
Ал жетимдерди эл аралык террордук уюмга тартып, анын аркасында Сириядагы террорчулуктун катарын толуктап турган идеологиялык борборду башкарган

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Сирияда жетим балдарды террорчулукка даярдагандарды жетектеп, ал эми туулган жери Кыргызстанга террордук жардырууларды жасоо үчүн кайтып келген киши кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Задержание гражданина Кыргызстана по подозрению в подготовке и совершении терактов - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Сириядан келип терактыларды уюштурууга камынган киши кармалды
Кармалган жаран 37 жашта, Жалал-Абад облусунда туулган жана эл аралык террордук уюмдун мүчөсү.

Ал 2015-жылы чет мамлекетке чыгып кетип, " Ахрар аш-Шам" деп аталган эл аралык террордук уюмга кошулган. Андан сырткары, Сирянын өкмөттүк аскерлерине каршы согушка катышкан.

Жетим балдарды эл аралык террордук уюмга тартып, анын аркасында Сириядагы террорчулуктун катарын толуктап турган идеологиялык борборду башкарган.

"Эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы менен Кыргызстанга жашыруун террордук уюмдарды негиздөө жана терактыларды жасоо үчүн келген", — деп айтылган таратылган УКМК тараткан маалыматта.

Кармалган киши суракта террордук ишмердүүлүгүн мойнуна алган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0