Бишкекте кырсыктаган жүргүнчүлөр маршруткасынын айдоочусунун канынан героин табылды

© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаСтолкновение пассажирского микроавтобуса и внедорожника
Столкновение пассажирского микроавтобуса и внедорожника - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү эртең менен №227 маршруттук такси менен жол тандабас кагышып, беш киши жабыркаган

БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Бишкекте жол тандабас менен кагышып кырсыктаган маршруттук таксинин айдоочусунун канынан героин табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаардык Кайгуул милициясынан кабарлашты. 

14-октябрь күнү саат 7.30дар чамасында №227 маршрутка менен Toyota Land Cruiser кагышкан.

“Авто кырсыктан кийин маршрутканын айдоочусу медициналык кароодон өткөрүлгөн. Анын колу калтырап, өзүн башкача сезип жатты. Анын канынан героин табылып, кармалды”, — деди маалымат кызматынан. 

Факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0