БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Административдик мекемелерди басып алуу жана президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөдө массалык башаламандык уюштурууну пландаган деп шектелип Жогорку Кеңештин мурунку депутаты жана анын тарапташтары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Шайымбетов аттуу экс-депутат жана анын тарапташтары кылмыш ишин ишке ашыруу максатында бир нече күндөн бери курал-жарак издеп жатышкан. Аталган жаран канчанчы чакырылыштын депутаты болгону көрсөтүлгөн эмес.
"Алар талапкерлердин бири жеңилип калса өлкөдө массалык башаламандык уюштуруу аракетин көрүп жатышкан. Шайымбетов буга чейин жарылуучу заттарды жана курал жарактарды мыйзамсыз түрдө сактоо боюнча соттолгон", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар УКМКга алып келинген. Тергөө иштери жүрүп жатат.