ИИМ: шайлоо учурунда уруп-согуу боюнча үч арыз түштү

Жазылуу
Абдыгулов мыйзам бузгандардын баары жоопко тартылып, иш аягына чейин чыгарыла турганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шайлоо учурунда денеге залал келтирүү фактылары боюнча үч арыз түшкөн. Ал эми саат 16:00гө карата ИИМге жалпысынан 12 кайрылуу болгонун шайлоо боюнча республикалык штабдын атайын жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал ошондой эле добуш сатып алуу боюнча эки арыз келип түшкөнүн, шайлоочуларды ташуу боюнча Бишкекте бир факты аныкталганын айтты.

"Денеге залал келтирүү фактылары Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарында катталган. Бул окуялардын бардыгы шайлоо участкаларынан сырткары болгон", — деди ал.

Шайлоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов булардын бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылып, иш аягына чейин чыгарыла турганын баса белгиледи.

Президенттик шайлоонун жүрүшүн Sputnik Кыргызстан агенттиги жасап жаткан тексттик трансляциядан окусаңыздар болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0