Бишкекте бычакталган баланын сөөгү табылды

Жазылуу
Бишкек ШИИБдин маалыматына ылайык, каза болгон бала 20 жашта болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Борбор калаада жаш бала бычакталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, баланын сөөгү "Көк-Жар" кичи районунан эртең мененки саат 7.20лар чамасында табылган.

"Милиционерлер бычакталган баланын сөөгүн табышкан. Маркум 20 жашта болушу мүмкүн экени болжолдонууда", — деди Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы.

Катталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0