Маевкадагы үйлөргө коюлган өрт. Тургундар окуянын чоо-жайын айтып берди

© Sputnik / Данияр СандыбаевПоджог автомобилей в селе Маевка Аламудунского района
Поджог автомобилей в селе Маевка Аламудунского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндөн бери белгисиз адам Маевка айылынын тургундарынын мүлкүнө өрт коюуда. Ниети жаман адам үч унааны өрттөп, андан кийин павильон жана адамдары менен кошо үйдү өрттөөгө аракет жасаган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында элдин үйүнө өрт коюу фактысы бир нече күндөн бери катталып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун билдирди. 

Буга чейин милиция 17-октябрга караган түнү үйлөрдүн биринде турган Fiat үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткенин маалымдаган. Ошондой эле Subaru менен Toyota автолорун өрттөө аракети болгон. Мындан тышкары, кылмышкер дагы бир үйгө өрт койгусу келген. Кыймылсыз мүлктүн ээси аны байкап калган эркек киши башын кармаган бойдон качып кеткенин милиционерлерге айтып берген.

© Sputnik / Данияр СандыбаевОю жаман киши алгач Fiat үлгүсүндөгү унааны өрттөп жиберген
Ою жаман киши алгач Fiat үлгүсүндөгү унааны өрттөп жиберген - Sputnik Кыргызстан
1/7
Ою жаман киши алгач Fiat үлгүсүндөгү унааны өрттөп жиберген
© Sputnik / Данияр СандыбаевАндан кийин анын жанында турган Subaru автосуна өрт койгон
Андан кийин анын жанында турган Subaru автосуна өрт койгон - Sputnik Кыргызстан
2/7
Андан кийин анын жанында турган Subaru автосуна өрт койгон
© Sputnik / Максат ЭлебесовПавильонго күйүп жаткан картонду ыргыткан
Павильонго күйүп жаткан картонду ыргыткан - Sputnik Кыргызстан
3/7
Павильонго күйүп жаткан картонду ыргыткан
© Sputnik / Данияр СандыбаевКылмышкер турак үйдүн короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогулткан дагы эшиктин астына коюп өрттөгөн
Кылмышкер турак үйдүн короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогулткан дагы эшиктин астына коюп өрттөгөн - Sputnik Кыргызстан
4/7
Кылмышкер турак үйдүн короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогулткан дагы эшиктин астына коюп өрттөгөн
© Sputnik / Данияр СандыбаевБул унаа кийинки курмандык болгон
Бул унаа кийинки курмандык болгон - Sputnik Кыргызстан
5/7
Бул унаа кийинки курмандык болгон
© Sputnik / Данияр СандыбаевЖогорудагы окуялар болгонго чейин бирөө павильонду өрттөп кеткен
Жогорудагы окуялар болгонго чейин бирөө павильонду өрттөп кеткен - Sputnik Кыргызстан
6/7
Жогорудагы окуялар болгонго чейин бирөө павильонду өрттөп кеткен
© Sputnik / Данияр Сандыбаев... андан кийин времянкага өрт коюлган
... андан кийин времянкага өрт коюлган - Sputnik Кыргызстан
7/7
... андан кийин времянкага өрт коюлган
1/7
Ою жаман киши алгач Fiat үлгүсүндөгү унааны өрттөп жиберген
2/7
Андан кийин анын жанында турган Subaru автосуна өрт койгон
3/7
Павильонго күйүп жаткан картонду ыргыткан
4/7
Кылмышкер турак үйдүн короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогулткан дагы эшиктин астына коюп өрттөгөн
5/7
Бул унаа кийинки курмандык болгон
6/7
Жогорудагы окуялар болгонго чейин бирөө павильонду өрттөп кеткен
7/7
... андан кийин времянкага өрт коюлган

Жергиликтүү тургундардын билдиргенине караганда, өрт коюу массалык түрдө жүрүп жатат. Айыл жашоочуларынын бири Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бир күн мурда ушул эле айылдан белгисиз адам чач тарач менен времянканы өрттөп жибергенин билдирди.

"Мындай өрт коюлар 3-4 күндөн бери уланып жатат. Бул күндөрү шайлоо болду. Бирок мунун ага эч кандай тиешеси жок болсо керек. Биздин айылда талаш-тартыш деле болгон эмес", — деди жергиликтүү тургун.

Пожар троллейбуса №17 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте троллейбус күйүп кетти. Жеринен алынган кадрлар
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кылмышкер эки унаага өрт койгон. Бири Fiat, экинчиси Subaru. Автоунаалар коңшулаш короодо турган. Биринчиси толугу менен күйүп кетсе, экинчисинин багажниги өрттөнгөн. Себеби ээси кум чачып өчүрүүгө жетишкен. Бул тууралуу саат 02.30дар чамасында белгилүү болгон.

Андан кийин дүкөнгө өрт коюу аракети болгон. Бирок сатуучунун айтымында, соода жайы чыгым тарткан эмес. Ошондой эле белгисиз киши үйлөрдүн биринин короосуна кирип, жайылып турган кийимдерди чогултуп эшиктин алдына коюп өрттөп жиберген. Жашоочулар ойгонуп кетип, өрттөнүп жаткан каалганын жалынын өчүрүшкөн.

Мындан кийин кылмышкер дарыянын аркы бетине өтүп, Toyota үлгүсүндөгү унаага өрт коюп изин жашырган. Жергиликтүү тургундун айтымында, окуя 03.30дар чамасында болгон.

"Ал видео байкоо ушул жерде бар экенин билгендей башка жол менен качыптыр", — деп жергиликтүү тургун айтты.

Ал эми милиция азиат келбетиндеги 30-35 чамасындагы киши болушу мүмкүн экенин болжолдоп жатат. Өрт койгон адам психикалык жактан оорулуу деген версия дагы каралууда.

КРдин ИИМи мындай аракеттер улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн жасалып жатат деген айрым булактардагы маалыматты четке какты.

Жаңылыктар түрмөгү
0