Милиция "Спайс" баңгизатын ири көлөмдө саткандардын тобун кармады

© AFP / LEON NEALСпайс. Архив
Спайс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары жубайлар жана Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары колго түшкөн

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жыйынтыгында "Спайс" саткандардын тобун кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МВД КРИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жыйынтыгында "Спайс" саткандардын тобун кармады
ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жыйынтыгында Спайс саткандардын тобун кармады - Sputnik Кыргызстан
1/4
ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жыйынтыгында "Спайс" саткандардын тобун кармады
© Фото / пресс-служба МВД КРАталган кызмат көп убакыттан бери "Спайс" даярдап, аны интернет аркылуу сатуу менен шугулданган топтун изине түшкөн
Аталган кызмат көп убакыттан бери Спайс даярдап, аны интернет аркылуу сатуу менен шугулданган топтун изине түшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/4
Аталган кызмат көп убакыттан бери "Спайс" даярдап, аны интернет аркылуу сатуу менен шугулданган топтун изине түшкөн
© Фото / пресс-служба МВД КРТоп Россиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тургундарынан турган
Топ Россиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тургундарынан турган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Топ Россиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тургундарынан турган
© Фото / пресс-служба МВД КРАткарылган иштердин жыйынтыгында аталган топтун чиеленишкен аракеттеринин бети ачылып, электрондук акчаны кантип колго алганы аныкталган.
Аткарылган иштердин жыйынтыгында аталган топтун чиеленишкен аракеттеринин бети ачылып, электрондук акчаны кантип колго алганы аныкталган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Аткарылган иштердин жыйынтыгында аталган топтун чиеленишкен аракеттеринин бети ачылып, электрондук акчаны кантип колго алганы аныкталган.
1/4
ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жыйынтыгында "Спайс" саткандардын тобун кармады
2/4
Аталган кызмат көп убакыттан бери "Спайс" даярдап, аны интернет аркылуу сатуу менен шугулданган топтун изине түшкөн
3/4
Топ Россиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тургундарынан турган
4/4
Аткарылган иштердин жыйынтыгында аталган топтун чиеленишкен аракеттеринин бети ачылып, электрондук акчаны кантип колго алганы аныкталган.

Ага ылайык, аталган кызмат көп убакыттан бери "Спайс" даярдап, аны интернет аркылуу сатуу менен шугулданган топтун изине түшкөн. Топ Россиянын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын тургундарынан турган.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында аталган топтун чиеленишкен аракеттеринин бети ачылып, электрондук акчаны кантип колго алганы аныкталган.

© Фото / пресс-служба МВД КРЗадержание сотрудниками МВД КР участников группировки, которая распространяла курительные смеси (спайсы) в Кыргызстане через Интернет
Задержание сотрудниками МВД КР участников группировки, которая распространяла курительные смеси (спайсы) в Кыргызстане через Интернет - Sputnik Кыргызстан
Задержание сотрудниками МВД КР участников группировки, которая распространяла курительные смеси (спайсы) в Кыргызстане через Интернет

"Электрондук акча Бишкекти жайгашкан "Мобильник" ЖЧКсынын эсебинен Казакстандагы Natipay фирмасына, андан соң Qiwi ишканасынын Армениядагы өкүлчүлүгүнө, кайта Qiwi ишканасынын Москвадагы банкынын эсебине которулган. Түшкөн каражат Visa картасына которулуп, ал Кыргызстандан, Казакстандан жана Россиядан алынып турган", — деп айтылат маалыматта.

Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй чирип, жытыман жаныма киши тура алчу эмес... Баңги тууралуу маек
КР ИИМи менен Россия ИИМинин баңгизаттарды көзөмөлдөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жасалган иштердин жыйынтыгында Visa картасын Кыргызстанда колдонгон кишилерди аныкташкан.

Алар Россиянын 26 жаштагы жараны жана анын 23 жаштагы аялы экени аныкталган.

Ошондой эле даярдалган спайсты кардарларга жеткирүү үчүн аларды тийиштүү жерлерге каткан Кыргызстандын 41 жана Өзбекстандын 27 жаштагы жарандары кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0