Сейфтеги акчага чейин күйүп кетти! Кафе өкүлдөрү "Асанбайдагы" өрт тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в районе парка "Асанбай" в Бишкеке
Пожар в районе парка Асанбай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жекшемби күнү эртең менен чыккан өрт жалпысынан 3100 чарчы метрди жалмаган

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. "Асанбайда" чыккан өрттөн сегиз объект жабыркап, 3100 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Пожар в районе парка Асанбай - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ Бишкектеги 6 кафе эмне себептен өрттөнгөнүн божомолдоду
Sputnik агенттиги өрткө кабылган көңүл ачуучу жайлардын өкүлдөрү менен байланышты.

"Бухаранын" өкүлү чыгымдын суммасы азырынча белгисиз экенин билдирди. Анын айтымында, кырсык команданын моралдык духун түшүрүп койгондуктан, башка нерсе тууралуу кеп кылуу азырынча эрте.

"Корчма" жана "Кайзер" кафелеринин кызматкери окуяга абдан кайгырып жатканын айтып, учурда чыгымдар эсептелип жатканын белгилешти.

Ал эми Gym Club DELTA спорт клубу бардык кардарларынан кечирим сурады.

"Абдан кайгырып турабыз. Жаңы зал толугу менен өрттөнүп кетти. Мындай оор кырдаалдан улам, тилекке каршы, бардык кардарларыбызга абонемент акчасын кайтарып бере албайбыз. Бул үчүн, албетте, кечирим сурагыбыз келет. Жаңы спорттук аянтты түзүү үчүн чоң акча жана күч жумшалган", — деп спорт залдын өкүлү билдирди.

Ал кардарларды спорт залдын Киев менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан филиалынан көрүүгө куштар экенин билдирди.

Ал эми Gan Bei ресторанынын кызматкери өрт сейфтеги акчага чейин жок кылганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0