Баткендеги шахтада ууланып бир нече киши каза тапты

© Фото / Азамат АйтбаевЛопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан
Лопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар түнкү саат 02:30да 90 метр тереңдиктен үч кишинин сөөгүн алып чыккан

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кечээ Баткендин Самаркандек айылындагы шахтада өз алдынча көмүр казып жатып, үч киши ууланып каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Окуя Самаркандектин Гарым деп аталган участкасындагы шахтада болгон. Көмүр казып жаткан 47, 45 жана 30 жаштагы үч жаран шахтанын ичинде газга ууланып калган", — деп билдирди маалымат кызматы.

Кырсык болгон жерге барган тогуз куткаруучу жана ӨКМдин райондук бөлүмүнүн жетекчиси түнкү саат 02:30да 90 метр тереңдиктен үч кишинин сөөгүн алып чыккан.

Маркумдарды алар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0