Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, эки аял түтүнгө ууланып каза болду

© Sputnik / Вадим Брайдов / Медиабанкка өтүүПожар на складе пиротехники в Уфе
Пожар на складе пиротехники в Уфе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунда чыккан өрттөн эки аял каза тапса, Сокулуктагы өрт кырсыгынан жабыркагандар ооруканага жаткырылган

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дем алыш күндөрү борбор калаанын Свердлов району менен Сокулукта эки турак жай күйгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Пожар в районе парка Асанбай - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ Бишкектеги 6 кафе эмне себептен өрттөнгөнүн божомолдоду
Маалыматка ылайык, 29-октябрь күнү эртең мененки саат 7.50дө Свердлов районунун Баетов көчөсүндө жайгашкан турак жай күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 44 жана болжол менен 30-35 жаштагы эки аял түтүнгө ууланып каза болгон. Өрт тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам чыккан.

Ал эми 28-октябрда таңкы саат 4.03дө Сокулуктун Күн-Туу айылындагы Исмаил көчөсүндө жайгашкан турак жайдан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 67 жаштагы үй ээси, анын 61 жаштагы аялы күйүк алып, дагы бир киши түтүнгө ууланган. Ал эми 20 жаштагы баласы терезеден чыгып жатып колунан жаракат алган. Жабырлануучулар №4 Бишкек шаардык ооруканасына жаткырылган. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0