Баткендин Тегирмен тоосундагы өрт эки күндөн кийин өчүрүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТоодогу өрт. Архив
Тоодогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан эки күн мурда тоодогу өрттү өчүрүүгө 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Баткендеги Тегирмен тоосундагы ишемби күнү чыккан өрт толугу менен эми өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Баткен районунун Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабындагы өрт 30-октябрда саат 15:00дө толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 28-октябрда 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Өрттөн болжол менен 20 гектардагы куураган чөп күйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0