Ысык-Көлдө балдардын шоктугунан 1500 түк жана 8 тонна эндей чөп күйүп кетти

© Sputnik / Яков Берлинер / Медиабанкка өтүүТүк чөп. Архив
Түк чөп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Тоңдун Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесиндеги ачык аянтта жайгашкан 1500 түк жана 8 тонна эндей чөп күйүп кетти.

Өрт кечээ, 30-октябрда, саат 16.30 чамасында чыгып, аны өчүрүүгө ӨКМдин үч бөлүмү тартылган. Өрттү түнкү саат 2.02де толугу менен өчүрүп бүтүшкөн.

Кырсык жаш балдардын от менен болгон шоктугунан улам келип чыккан. Адамдар жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0