Бишкекте АКШ элчилигинин унаасы автобус менен кагышты. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Дипломатиялык номер тагылган жол тандабас менен №9 автобус кагышып кеткен

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. АКШнын дипломатиялык номери тагылган унаа борбор калаанын түштүк тарабынан автобус менен кагышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мэрия менен ИИМден билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, жол кырсык 12-кичи районундагы Токомбаев көчөсүндө саат 14.30дар чамасында катталган. Toyota Land Cruiser менен №9 автобус кагышкан. Жабыркагандар жок. Коомдук транспорт катуу жабыркаган эмес, ал эми жол тандабастын бампери түшүп калган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка эки тараптын тең күнөөсү бар. Ошондуктан өз ара сүйлөшүп бир пикирге келип алуулары мүмкүн", — деди агенттиктин маектеши.

Ал белгилегендей, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кырсыкка ким күнөөлүү экени экспертизанын жыйынтыгынын негизинде белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0