Россияда өз аялын көчөдөн өлтүрдү деп шектелген кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон 23 жаштагы келин күйөөсү менен Кыргызстандан келген

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Подмосковьенин Мытищин районунда өз аялын өтүп бара жаткан адамдын көзүнчө өлтүрүп салды деп шектелип, Кыргызстанда туулган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгына шилтеме берип "360" телеканалы маалымдады.

Адам өлтүрүү ушул жылдын сентябрь айында Краснодар жана Люблино көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя видео көзөмөлгө түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, эркек киши аялды бычак менен бир нече жолу урган. Өтүп бара жаткан киши кансырап жаткан аялга жардам бергендин ордуна басып кеткен. Ал эми кылмышкер изин сууткан.

Маалыматка караганда, аялын өлтүрдү делген эркек бир айдан ашык туугандарынын үйүндө жашынып жаткан.

"Полиция кызматкерлери ал адам Россиядан чыгып кетүү максатында акча издеп жатканын угушкан. Учурда шектелүүчү колго түшүрүлүп, адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду" – деп айтылат билдирүүдө.

Каза болгон 23 жаштагы келин күйөөсү менен Кыргызстандан келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0